Пайгамбардын которулган хадистеринин энциклопедиясы

Пайгамбардын ишенимдүү хадистеринин котормолорун жана жөнөкөйлөштүрүлгөн түшүндүрмөлөрүн таратуучу долбоор

API +400 Million API Calls

Хадистердин тизмеси

Дагы
«Чындыгында, иш-аракеттер ниетке жараша болот. Ар бир адам ниет кылганына жетет. Кимдин хижраты Аллах жана Анын Элчиси үчүн болсо, анда анын хижраты Аллах жана Анын элчиси үчүн болот. Ал эми кимдин хижраты дүнүйөгө жетүү үчүн же аялга үйлөнүү үчүн болсо, анда анын хижраты эмнеге болсо ошол үчүн хижрат кылган болот». Ал эми имам Бухаринин риваятында: «Чындыгында, иш-аракеттер ниеттерге жараша болот. Ар бир адам ниет кылганына жетет» - деп келет.*@
Ким биздин ишибизге андан болбогон жаңы ишти киргизсе, ал кайтарылат
«Күндөрдүн биринде биз Аллахтын элчисинин жанында олтурган элек. Ошол учурда жаныбызга аппак кийимчен, чачтары капкара болгон бир киши келди. Анын кейпинде мусапырлык белги да жок, эч кимибиз аны тааныбайт да экенбиз. Ал келип эле Аллахтын элчисинин тизесине тизесин тийгизип, колдорун сандарына коюп олтурду да: – Оо, Мухаммад! Мага Ислам жөнүндө айтып бер - деди. Аллахтын элчиси: – Ислам – бул Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине жана Мухаммад Анын элчиси экендигине күбөлүк берүүң, намазды толук аткарууң, зекет берүүң, Рамазан орозосун тутууң жана күчүң жетсе каабага ажылык кылууң - деп жооп берди. Жанагы киши: – Туура айттың - деди. Биз анын суроо берип, кайра өзү тастыктап жатканына таң калдык. Андан кийин ал: – Эми мага Ыйман жөнүндө айтып бер - деп сурады. Аллахтын элчиси: – Ыйман – бул Аллахка, Анын периштелерине, Анын китептерине, Анын пайгамбарларына, акырет күнүнө жана жакшылык менен жамандык тагдырдан болоруна ишенүүң - деп жооп берди. Ал киши: – Туура айттың - деди. Анан: – Эми мага Ихсан жөнүндө айтып бер - деди. Аллахтын элчиси: Ихсан – бул сен Аллахты көрүп турганыңдай Ага сыйынууң. Сен Аны көрбөсөң да, Ал сени сөзсүз түрдө көрүп турат - деп жооп берди. Ал киши: – Кыямат качан болорун айтып бер - деди. Аллахтын элчиси: – Бул жөнүндө суралуучу сурап жаткандан артык билбейт - деп жооп берди. Ал киши: – Андай болсо, мага кыяматтын белгилери туурасында айтып бер - деди. Ал айтты: – Күңдөн өзүнүн кожоюну төрөлөт, жылаң аяк, киерге кийими жок кедей малчылар бийик-бийик имараттарды курууда бири-бири менен атаандашканына күбө болосуң - деп жооп берди. Умар айтты: «Андан кийин ал киши кетип калды. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин Аллахтын элчиси менден: – Эй, Умар! Суроо узаткан киши ким экенин билесиңби? - деп сурады. Мен: – Аллах жана Анын элчиси жакшы билет - деп жооп бердим. Ошондо ал: – Чындыгында, ал Жебирейил периште болчу. Силерге диниңерди үйрөткөнү келген эле - деп айтты».*@
Ислам беш нерсеге (түркүккө) негизделген
Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен Уфайр аттуу эшектин үстүндө учкашып бара жаткам. Ошондо Пайгамбар айтты: "Эй, Муаз! Сен пенделердин Аллахка болгон акыларын жана Аллахтын пенделерине болгон акысын билесиңби?" - деп сурады. Мен: "Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет" - деп айттым. Ал: "Пенделердин Аллахка болгон акылары - жалгыз Ага гана сыйынуулары жана Ага эч кимди шерик кылбоосу - деп айтты. Ошондой эле Аллахтын пенделерине болгон акысы - ал Өзүнө шерик кошпогон пендесин азапка салбоосу" - деди. Мен: "О, Аллахтын Элчиси! Мен бул кабарды элге айтып сүйүнчүлөсөм кандай?" - дедим. Ал: "Аларды сүйүнчүлөбөй эле кой. Андай кылсаң алар ушуга таянып алышат"* - деп айтты.@
Ким чын жүрөгү менен: "Лаа илааха иллаллооху, ва анна Мухамммадан аъбдуху ва расуулух" - деп күбөлүк берсе, Аллах анын тозокко кирүүсүн арам кылат
Ким: Лаа илааха иллаллоох" деп айтып, Аллахтан башка ибадат кылынган нерселерден баш тартса, анын мал-мүлкү жана каны арам болот. Ал эми сурагы Аллахка таандык
Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши келип: Оо, Аллахтын Элчиси, милдет болгон негизги эки нерсе эмне? - деп айтты. Ал айтты: «Ким Аллахка шерик кошпой өлсө бейишке кирет, ал эми ким шерик кошуп өлсө тозокко кирет».@
Ким Аллахтан башкага кудай деп дуба кылып жүрүп өлсө, тозокко кирет" - деди
«Сен китеп ээлеринен болгон коомго барасын. Аларга барганыңда аларды: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси» - деп күбөлүк берүүгө чакыр. Эгер алар аны кабыл кылышса, анда Аллах аларга бир күндө беш убак намазды парз кылгандыгын кабар бергин. Эгер алар аны кабыл кылышса, анда Аллах алардын байларынан алынып кедейлерине бериле турган зекетти парз кылгандыгын кабар бергин. Эгерде алар аны кабыл кылышса, зекетке алардын эң жакшы малын алып коюудан алыс бол. Зулум чеккен адымдын дубасынан сактан. Анткени анын дубасы менен Аллахтын ортосунда тосмо жок.@*
Максаттар

Пайгамбардын хадистеринин жана анын котормолорунун энциклопедиясынын проекти

Ислам мазмунунда кеңири колдонулган пайгамбардын хадистерин тандап, аларды жөнөкөй жана түшүнүктүү тилде кеңири түшүндүрүп, так иштелип чыккан тартиптин негизинде дүйнөнүн жандуу тилдерине жогорку сапатта которуп, бардык жеткиликтүү каражаттар аркылуу акысыз таратууну көздөгөн комплекстүү долбоор.

Пайгамбардын хадистерин которуу боюнча дүйнөлүк деңгээлде таанылган, ишенимдүү, заманбап жана жалпыга акысыз жеткиликтүү бирдиктүү маалыматтык булакты түзүү.

Хадистерди которуу учурунда котормочуларды электрондук эс тутум менен камсыздоо

Котормолорду бардык жеткиликтүү каражаттар аркылуу максаттуу аудиторияга кеңири жеткирүү.

Download the encyclopedia content

Download the Prophetic Hadith Encyclopedia content for free, in the language and format you need.

Downloading files indicates acceptance of the Terms and Policies
AR العربية Arabic Excel CSV SQLite
EN English الإنجليزية Excel CSV SQLite
FR Français الفرنسية Excel CSV SQLite
ES Español الإسبانية Excel CSV SQLite
ID Indonesia الإندونيسية Excel CSV SQLite
BN বাংলা البنغالية Excel CSV SQLite
UR اردو الأوردية Excel CSV SQLite
UG ئۇيغۇرچە الأيغورية Excel CSV SQLite
HA Hausa الهوسا Excel CSV SQLite
KU Kurdî الكردية Excel CSV SQLite
TL Tagalog تجالوج Excel CSV SQLite
VI Tiếng Việt الفيتنامية Excel CSV SQLite
FA فارسی الفارسية Excel CSV SQLite
ZH 中文 الصينية Excel CSV SQLite
HI हिन्दी الهندية Excel CSV SQLite
SI සිංහල السنهالية Excel CSV SQLite
BS Bosanski البوسنية Excel CSV SQLite
RU Русский الروسية Excel CSV SQLite
TR Türkçe التركية Excel CSV SQLite
PT Português البرتغالية Excel CSV SQLite
ML മലയാളം المليالم Excel CSV SQLite
TE తెలుగు التلغو Excel CSV SQLite
SW Kiswahili السواحيلية Excel CSV SQLite
TA தமிழ் التاميلية Excel CSV SQLite
MY မြန်မာ البورمية Excel CSV SQLite
TH ไทย التايلندية Excel CSV SQLite
JA 日本語 اليابانية Excel CSV SQLite
KY Кыргызча القيرقيزية Excel CSV SQLite
NE नेपाली النيبالية Excel CSV SQLite
DE Deutsch الألمانية Excel CSV SQLite
PS پښتو بشتو Excel CSV SQLite
AS অসমীয়া الأسامية Excel CSV SQLite
SQ Shqip الألبانية Excel CSV SQLite
SV Svenska السويدية Excel CSV SQLite
AM አማርኛ الأمهرية Excel CSV SQLite
NL Nederlands الهولندية Excel CSV SQLite
GU ગુજરાતી الغوجاراتية Excel CSV SQLite
YO Yorùbá اليوروبا Excel CSV SQLite
LT Lietuvių الليتوانية Excel CSV SQLite
PRS دری الدرية Excel CSV SQLite
SR Српски الصربية Excel CSV SQLite
SO Soomaali الصومالية Excel CSV SQLite
TG тоҷикӣ الطاجيكية Excel CSV SQLite
RW Kinyarwanda الكينياروندا Excel CSV SQLite
RO Română الرومانية Excel CSV SQLite
HU Magyar المجرية Excel CSV SQLite
CS Čeština التشيكية Excel CSV SQLite
MOS Moore الموري Excel CSV SQLite
MG Malagasy المالاجاشية Excel CSV SQLite
FF Fulfulde الفولانية Excel CSV SQLite
IT Italiano الإيطالية Excel CSV SQLite
OM Oromoo الأورومو Excel CSV SQLite
KN ಕನ್ನಡ الكانادا Excel CSV SQLite
WO Wolof الولوف Excel CSV SQLite
BG Български البلغارية Excel CSV SQLite
AZ Azərbaycan الأذربيجانية Excel CSV SQLite
EL Ελληνικά اليونانية Excel CSV SQLite
AK Akan الأكانية Excel CSV SQLite
UZ O‘zbek الأوزبكية Excel CSV SQLite
UK Українська الأوكرانية Excel CSV SQLite
KA ქართული الجورجية Excel CSV SQLite
LN Lingala اللينجالا Excel CSV SQLite
MK Македонски المقدونية Excel CSV SQLite
KM ភាសាខ្មែរ الخميرية Excel CSV SQLite
BM Bambara البامبارية Excel CSV SQLite
PA ਪੰਜਾਬੀ البنجابية Excel CSV SQLite
MR मराठी الماراثية Excel CSV SQLite
DA Dansk الدنماركية Excel CSV SQLite
RN Kirundi الكيروندي Excel CSV SQLite
YAO Yao الياو Excel CSV SQLite
KMR Kurmancî الكرمنجية Excel CSV SQLite
MS Bahasa Melayu الملايو Excel CSV SQLite

Our Key Statistics

Explore the latest figures that reflect our reach and engagement with our content. The impact of knowledge and inspiration is visible in our numbers.

More statistics
50+ Languages Supported by the encyclopedia
15+ Million Visits annually
5+ Million API calls monthly
40+ Thousand Translated Hadiths