عَنْ شَدَّادِ بْنِ أَوْسٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«سَيِّدُ الِاسْتِغْفَارِ أَنْ تَقُولَ: اللَّهُمَّ أَنْتَ رَبِّي لاَ إِلَهَ إِلَّا أَنْتَ، خَلَقْتَنِي وَأَنَا عَبْدُكَ، وَأَنَا عَلَى عَهْدِكَ وَوَعْدِكَ مَا اسْتَطَعْتُ، أَعُوذُ بِكَ مِنْ شَرِّ مَا صَنَعْتُ، أَبُوءُ لَكَ بِنِعْمَتِكَ عَلَيَّ، وَأَبُوءُ لَكَ بِذَنْبِي فَاغْفِرْ لِي، فَإِنَّهُ لاَ يَغْفِرُ الذُّنُوبَ إِلَّا أَنْتَ» قَالَ: «وَمَنْ قَالَهَا مِنَ النَّهَارِ مُوقِنًا بِهَا، فَمَاتَ مِنْ يَوْمِهِ قَبْلَ أَنْ يُمْسِيَ، فَهُوَ مِنْ أَهْلِ الجَنَّةِ، وَمَنْ قَالَهَا مِنَ اللَّيْلِ وَهُوَ مُوقِنٌ بِهَا، فَمَاتَ قَبْلَ أَنْ يُصْبِحَ، فَهُوَ مِنْ أَهْلِ الجَنَّةِ».

Шаддад бин Аус (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Истигфардын төрөсү мындай: Аллахым, Сен менин - Раббимсиң, Сенден башка ибадатка татыктуу кудай жок. Сен мени жараттың, мен Сенин кулуңмун. Мен чолом жетишинче Сага берген убада, шартымды сактаймын. Жасаган иштеримдин жамандыгынан сактоону Сенден суранам. Мага берген нээмат-жакшылыктарыңды жана күнөөлөрүмдү мойнума алам. Мени кечир, Сенден башка күнөөлөрдү кечирүүчү эч ким жок». Анан мындай деди: "Кимде-ким эртең менен бул сөздөрдү чын жүрөгүнөн айтса, анан ошол күнү кечке чейин каза болсо, ал бейиштин тургундарынан. Ал эми ким бул сөздөрдү кечинде чын жүрөгүнөн айтса жана таң атканга чейин каза болсо, ал бейиштин тургундарынан".

Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган Сахих ал-Бухари - 6306

Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) истигфардын ар түрдүү сөздөрү бар экенин, алардын ичинен эң абзели жана эң улугу төмөнкү сөздөр экенин айткан: "Аллахым, Сен менин Раббимсиң, Сенден башка ибадатка татыктуу кудай жок. Сен мени жараттың, мен Сенин кулуңмун. Мен чолом жетишинче Сага берген убада, шартымды сактаймын. Жасаган иштеримдин жамандыгынан сактоону Сенден суранам. Мага берген нээмат-жакшылыктарыңа ынанам жана күнөөлөрүмдү мойнума алам. Мени кечир, Сенден башка күнөөлөрдү кечирүүчү эч ким жок". Биринчиден пенде Аллахтын тавхидин моюндайт, Аллах Таала анын Жаратуучусу, эч кандай шериги жок ибадат кыла турган Кудайы экенин (моюнуна алат). Ыйманда жана баш ийүүдө колунан келишинче Аллахка берген ант-келишимин аткарарын (моюнуна алат). Анткени, пенде канчалык көп ибадат кылса да, Аллах буйругандын баарын аткара албайт, нээматтарга татыктуу шүгүр кыла албайт. Ал Аллахка кайрылат, Аны менен коргонот. Анткени, Аллах - пенде жасаган жаман ишинен коргоно турган Коргооочу. Пенде Аллахтын ага берген нээматтарына муюп, аны моюнуна алат. Өзү жасаган күнөө, каталарын моюндап, өзүнө кайтат. Аллахка ушинтип жалбарып сурануудан кийин, Раббисине дуба кылып аны Өз кечирими, ырайымы жана пазилети менен кечирүүсүн, күнөөлөрүн жашыруусун, жана күнөөлөрдөн сактоосун тилейт. Анткени, күнөөлөрдү Аллахтан башка эч ким кечире албайт. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул сөздөр эртең менен жана кечинде айтылчу зикирлерден экенин, кимде-ким бул зикирди чын жүрөгүнөн, маанилерине түшүнүп, ишеним менен эртең менен күн чыккандан шашкеге дейре айтса жана ошол күнү өлсө, бейишке кирерин айткан. Ал эми ким кечинде, күн баткандан таң атканга чейинки аралыкта айтса жана таң атканга чейин өлсө, бейишке кирерин айткан.

Хадистин пайдалары

  1. Истигфар сөздөрүнүн айтылышы ар түрдүү жана биринен-бири артыкча да болот.
  2. Пенде Аллахка ушул дуба менен кайрылууга аракет кылуусу керек. Анткени, бул истигфарлардын төрөсү.

Котормолорду көрсөтүү

57 Тил
EN English الإنجليزية
UR اردو الأوردية
ES Español الإسبانية
ID Indonesia الإندونيسية
UG ئۇيغۇرچە الأيغورية
BN বাংলা البنغالية
TR Türkçe التركية
RU Русский الروسية
BS Bosanski البوسنية
SI සිංහල السنهالية
HI हिन्दी الهندية
ZH 中文 الصينية
FA فارسی الفارسية
VI Tiếng Việt الفيتنامية
TL Tagalog تجالوج
KU Kurdî الكردية
HA Hausa الهوسا
PT Português البرتغالية
ML മലയാളം المليالم
TE తెలుగు التلغو
SW Kiswahili السواحيلية
MY မြန်မာ البورمية
TH ไทย التايلندية
DE Deutsch الألمانية
PS پښتو بشتو
AS অসমীয়া الأسامية
SQ Shqip الألبانية
SV Svenska السويدية
AM አማርኛ الأمهرية
NL Nederlands الهولندية
GU ગુજરાતી الغوجاراتية
NE नेपाली النيبالية
YO Yorùbá اليوروبا
LT Lietuvių الليتوانية
PRS دری الدرية
SR Српски الصربية
SO Soomaali الصومالية
TG тоҷикӣ الطاجيكية
RW Kinyarwanda الكينياروندا
RO Română الرومانية
HU Magyar المجرية
CS Čeština التشيكية
MOS Moore الموري
MG Malagasy المالاجاشية
IT Italiano الإيطالية
OM Oromoo الأورومو
KN ಕನ್ನಡ الكانادا
WO Wolof الولوف
AZ Azərbaycan الأذربيجانية
UZ O‘zbek الأوزبكية
UK Українська الأوكرانية
KA ქართული الجورجية
MK Македонски المقدونية
KM ភាសាខ្មែរ الخميرية
PA ਪੰਜਾਬੀ البنجابية
MR मराठी الماراثية
KMR Kurmancî الكرمنجية