1. Башкы бет
  2. Категориялар
  3. Фыкх жана анын усулдары

Хадис бул тамыр (жарылгандан чыккан кан). Сен этек кир көргөн күндөрдүн эсебинче намазыңды токтот да, андан кийин жуунуп намаз окуй бер

عَنْ عَائِشَةَ أُمِّ المؤمنين رضي الله عنها أَنَّ فَاطِمَةَ بِنْتَ أَبِي حُبَيْشٍ سَأَلَتِ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَتْ:
إِنِّي أُسْتَحَاضُ فَلاَ أَطْهُرُ، أَفَأَدَعُ الصَّلاَةَ؟ فَقَالَ: «لَا، إِنَّ ذَلِكِ عِرْقٌ، وَلَكِنْ دَعِي الصَّلاَةَ قَدْرَ الأَيَّامِ الَّتِي كُنْتِ تَحِيضِينَ فِيهَا، ثُمَّ اغْتَسِلِي وَصَلِّي».

Ыймандуулардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Фатима бинт Абу Хубайш пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип сурады:
Менден такай кан келип турат, эч таза болбоймун. Намазды таштап койомунбу? Ал минтти: "Жок, бул тамыр (жарылгандан чыккан кан). Сен этек кир көргөн күндөрдүн эсебинче намазыңды токтот да, андан кийин жуунуп намаз окуй бер".

Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган) Сахих ал-Бухари - 325

Чечмелөө

Фатима бинт Абу Хубайш пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) суроо сурап: Менден эч токтобой кан келип турат, атүгүл этек кир келбей турган убакта да токтобойт. Ушул учурлар да этек кир келген учурдун өкүмүндө болобу? Мен намазды таштап койомбу? - дейт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага минтет: Бул истихааза каны, бул ооруу себептүү жатындагы тамырлардын жарылуусунан улам чыккан кан, этек кирдин каны эмес, Сен истихаза канын көрө турган ооруу менен ооруй электеги, ай сайын этек кир келе турган адатыңдагы күндөр келген учурда намаз, орозо жана башка этек кири келген убакта аял киши аткарбай турган иштерди токтот. Бул мөөнөт өткөндөн кийин сен этек кирден тазаланган болосуң, анан кандын ордун жууп тазала, анан дааратсыздыкты кетирүү үчүн дене-башыңды толук жууп жуун, анан намаз окуй бер.

Хадистин пайдалары

  1. Аял кишиге этек кир көргөн күндөрү буткөндөн кийин жуунуу важыб.
  2. Истихаза канын көрүп жаткан аялдын намазды окуй берүүсү важиб.
  3. Айыз (этек кир): балакат жаш курагына жеткен аялзатынын жатыны анын кыны аркылуу койо бере турган табигый кан. Бул кан белгилүү күндөрдө келет.
  4. Истихаза каны: Жатындын үстүнөн белгилүү бир мөөнөтү жок агып чыгуучу кан.
  5. Этек кир каны менен истихаза канынын айырмасы: этек кирдин каны карамтыл, коюу, анан жагымсыз жыты болот. Ал эми истихаза каны кызгылт, суюк, жагымсыз жыты болбойт.

Котормолорду көрсөтүү

58 Тил
EN English الإنجليزية
UR اردو الأوردية
ES Español الإسبانية
ID Indonesia الإندونيسية
UG ئۇيغۇرچە الأيغورية
BN বাংলা البنغالية
TR Türkçe التركية
RU Русский الروسية
BS Bosanski البوسنية
SI සිංහල السنهالية
HI हिन्दी الهندية
ZH 中文 الصينية
FA فارسی الفارسية
VI Tiếng Việt الفيتنامية
TL Tagalog تجالوج
KU Kurdî الكردية
HA Hausa الهوسا
PT Português البرتغالية
ML മലയാളം المليالم
TE తెలుగు التلغو
SW Kiswahili السواحيلية
TA தமிழ் التاميلية
MY မြန်မာ البورمية
TH ไทย التايلندية
DE Deutsch الألمانية
PS پښتو بشتو
AS অসমীয়া الأسامية
SQ Shqip الألبانية
SV Svenska السويدية
AM አማርኛ الأمهرية
NL Nederlands الهولندية
GU ગુજરાતી الغوجاراتية
NE नेपाली النيبالية
YO Yorùbá اليوروبا
LT Lietuvių الليتوانية
PRS دری الدرية
SR Српски الصربية
SO Soomaali الصومالية
TG тоҷикӣ الطاجيكية
RW Kinyarwanda الكينياروندا
RO Română الرومانية
HU Magyar المجرية
CS Čeština التشيكية
MOS Moore الموري
MG Malagasy المالاجاشية
OM Oromoo الأورومو
KN ಕನ್ನಡ الكانادا
WO Wolof الولوف
AZ Azərbaycan الأذربيجانية
UZ O‘zbek الأوزبكية
UK Українська الأوكرانية
KA ქართული الجورجية
MK Македонски المقدونية
KM ភាសាខ្មែរ الخميرية
BM Bambara البامبارية
PA ਪੰਜਾਬੀ البنجابية
MR मराठी الماراثية
KMR Kurmancî الكرمنجية