1. Башкы бет
  2. Категориялар
  3. Акыйда (ишеним)

Хадис Эй, адамдар, динде аша чаап кетүүдөн сактангыла. Анткени, силерден мурдагылар динде аша чапканы үчүн кыйрап жок болгон" - деди

عَنْ ابْنِ عَبَّاسٍ رضي الله عنهما قَالَ:
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ غَدَاةَ الْعَقَبَةِ وَهُوَ عَلَى نَاقَتِهِ: «الْقُطْ لِي حَصًى» فَلَقَطْتُ لَهُ سَبْعَ حَصَيَاتٍ، هُنَّ حَصَى الْخَذْفِ، فَجَعَلَ يَنْفُضُهُنَّ فِي كَفِّهِ وَيَقُولُ: «أَمْثَالَ هَؤُلَاءِ فَارْمُوا» ثُمَّ قَالَ: «أَيُّهَا النَّاسُ، إِيَّاكُمْ وَالْغُلُوَّ فِي الدِّينِ، فَإِنَّما أَهْلَكَ مَنْ كَانَ قَبْلَكُمْ الْغُلُوُّ فِي الدِّينِ».

Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат:
Акаба күнү эртең менен төөсүнө минип бара жатып Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мага таш алып берчи" - деди. Мен ага манжалары менен ыргыта тургандай жети таш алып бердим. Ал таштарды алаканына салып: "Ушундай (кичинекей) таштар менен (шайтанды) аткыла"- деди. Анан: "Эй, адамдар, динде аша чаап кетүүдөн сактангыла. Анткени, силерден мурдагылар динде аша чапканы үчүн кыйрап жок болгон" - деди.

Сахих (ишенимдүү) Ибн Маажа, ан-Насааи жана Ахмад жазып калтырган Сунан Ибн Маажа - 3029

Чечмелөө

Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун), коштошуу ажылыгында, курбандык күнү эртең менен Акабада таш атууга пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге барганын айтат. Аны жерден шайтанга атчу таштардан алып берүүгө буйруйт. Ал жети таш алып берет. Анын ар бири мысыр буурчагы же фундук көлөмүндө болчу. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларды колуна алып, ары-бери кыймылдатып, анан мындай дейт: Атканда ушундай өлчөмдөгү таштар менен аткыла. Андан кийин пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дин иштеринде аша чабуудан, оорлотуудан жана чектен чыгуудан тыйып эскертти. Анткени, өткөн үммөттөрдөн (кээ бири) динде чектен чыкканы жана ыгы жок оорлоткону үчүн кыйрап жок болгон.

Хадистин пайдалары

  1. Динде чектен чыгуудан тыйган жана анын жаман акыбетин баяндаган. Ал кыйрап жок болууга себеп болот.
  2. Алар кетирген катадан сактануу үчүн бизден мурда өткөн үммөттөрдөн этибар, сабак алуу (зарыл).
  3. Сүннөттү бекем кармоого үндөө.

Котормолорду көрсөтүү

58 Тил
EN English الإنجليزية
UR اردو الأوردية
ES Español الإسبانية
ID Indonesia الإندونيسية
UG ئۇيغۇرچە الأيغورية
BN বাংলা البنغالية
FR Français الفرنسية
TR Türkçe التركية
RU Русский الروسية
BS Bosanski البوسنية
SI සිංහල السنهالية
HI हिन्दी الهندية
ZH 中文 الصينية
FA فارسی الفارسية
VI Tiếng Việt الفيتنامية
TL Tagalog تجالوج
KU Kurdî الكردية
HA Hausa الهوسا
PT Português البرتغالية
ML മലയാളം المليالم
TE తెలుగు التلغو
SW Kiswahili السواحيلية
MY မြန်မာ البورمية
TH ไทย التايلندية
DE Deutsch الألمانية
PS پښتو بشتو
AS অসমীয়া الأسامية
SQ Shqip الألبانية
SV Svenska السويدية
AM አማርኛ الأمهرية
NL Nederlands الهولندية
GU ગુજરાતી الغوجاراتية
NE नेपाली النيبالية
YO Yorùbá اليوروبا
LT Lietuvių الليتوانية
PRS دری الدرية
SR Српски الصربية
SO Soomaali الصومالية
TG тоҷикӣ الطاجيكية
RW Kinyarwanda الكينياروندا
RO Română الرومانية
HU Magyar المجرية
CS Čeština التشيكية
MOS Moore الموري
MG Malagasy المالاجاشية
IT Italiano الإيطالية
OM Oromoo الأورومو
KN ಕನ್ನಡ الكانادا
WO Wolof الولوف
AZ Azərbaycan الأذربيجانية
UZ O‘zbek الأوزبكية
UK Українська الأوكرانية
KA ქართული الجورجية
MK Македонски المقدونية
KM ភាសាខ្មែរ الخميرية
PA ਪੰਜਾਬੀ البنجابية
MR मराठी الماراثية
KMR Kurmancî الكرمنجية